Нан ачыткысынын жана ферментациясынын дүйнөлүк өндүрүүчүсү – Lesaffre тобунун бир бөлүгү болгон Yuva компаниясынын белгиси биринчи кезекте ишке берилгендик болуп саналат. Yuva компаниясы өз ишин нан азыктарын бышыруудан пайда табуу учун ачыткыны колдонгон наабайканалардан баштаган.
Бүгүнкү күндө Yuva компаниясы өнүмдөрүн Орто Азия аймагындагы кымбаттуу кардарларына сунуштап жатканына сыймыктанат. Нан азыктарын бышырууда мыкты жана тез натыйжа алууңузга алмашкыс жардамчы болуу максатында колубуздан келгенди жасап жатабыз!
Өнүмдөрүбүз
Yuvaнын кайсы ачыткысын качан болсун кол алдынызда болушун каалайсыз?
Өнүмдөрүбүз менен таанышып, өзүңүз үчүн ыңгайлуу болгон Yuva ачыткысын табыңыз!

Yuva Hoba активдүү кургак ачыткы (100 грамм)
Yuva активдүү кургак ачыткы 100 (грамм) негизинен үйдө нан бышырууга арналган, бирок ошол эле учурда наавайканалар тарабынан да колдонулат. Активдүү кургак ачыткыны айрыкча табигый-климаттык шарттары катаал аймактарда нан бышырууда колдонсо болот. Yuva активдүү кургак ачыткы ар түрдүү нан азыктарын бышырууда сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.
Пайдалуу кеңеш: Жуурула турган унга Yuva активдүү кургак ачыткыны (100 грамм) кошуудан мурун ачыткыны жарым стакан жылуу сууда (болжол менен 35 градус) 10 мүнөт кармап, эритип алыңыз. Камыр жууруй баштаганда ага ачыткыны кошуңуз.

Yuva Hoba активдүү кургак ачыткы (80 грамм)
Yuva активдүү кургак ачыткы (80 грамм) негизинен үйдө нан бышырууга арналган, бирок ошол эле учурда наавайканалар тарабынан да колдонулат. Активдүү кургак ачыткыны айрыкча табигый-климаттык шарттары катаал аймактарда нан бышырууда колдонсо болот. Yuva активдүү кургак ачыткы ар түрдүү нан азыктарын бышырууда сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.
Пайдалуу кеңеш: Жуурула турган унга Yuva активдүү кургак ачыткыны (80 грамм) кошуудан мурун жарым стакан жылуу сууда (болжол менен 35 градус) 10 мүнөт кармап эртип алыңыз. Камыр жууруй баштаганда ага ачыткыны кошуңуз.

Yuva Hoba тез эригич ачыткы (100 грамм)
Yuva тез эригич ачыткы (100 грамм) негизинен үйдө нан бышырууга арналган, бирок ошол эле учурда наавайканалар тарабынан да колдонулат. Бул ачыткы тез эригич болгондуктан, аны сууда эритпей туруп, дароо жуурула турган камырга кошсо болот. Колдонулушу жеңил болгон бул ачыткы үйдө даамдуу нан азыктарын бышырууда сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.

Yuva Hoba тез эригич ачыткы (15 грамм)
Yuva тез эригич ачыткы (15 грамм) негизинен үйдө нан бышырууга арналган, бирок ошол эле учурда наавайканалар тарабынан да колдонулат. Бул ачыткы тез эригич болгондуктан, аны сууда эритпей туруп, дароо жуурула турган камырга кошсо болот. Колдонулушу жеңил болгон бул ачыткы үйдө даамдуу нан азыктарын бышырууда сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.
Сактоо эрежелери
Биздин өнүмдөрүбүздү өндүрүштүк таңгакта бөлмөдөгү температурада сактоо керек. Пакет ачылбаган болсо, жарамдуулук мөөнөтү – өндүрүлгөн күндөн тартып 18 ай. Пакет ачылган болсо, ачыткыны кыска мөөнөттүн ичинде колдонуу керек.
Жакшы натыйжа алуу үчүн ачыткыны муздак жерде оозу жабык таңгакта сактоо керек.
Рецепттер
Yuva компаниясынын укмуштай рецепттери менен үй-бүлөнуздү таң калтырыңыз!
Yuva компаниясынын өнүмдөрү үй-бүлөңүз жана жакындарыныз үчүн даамдуу азыктарды бышырууда ар дайым жаныңызда! Ар бир даам үчүн Yuva компаниясынын өнүмдөрүнөн рецепт табыңыз! Бардык рецепттер сиздер үчүн даярдалган!
Баалуулуктарыбыз
YUVA» АР ДАЙЫМ ЖАНЫҢЫЗДА
Hан азыктарын бышыруу жана аларды жакындарыбыз менен бөлүшүп жеген бала чагыбыздан бери жашообуздун бир бөлүгү болуп калган. Үйдө нан бышыруу – чыныгы бактылуулук. Yuva компаниясы өнүмдөрүнүн кең ассортименти менен ушундай учурларыңызда чыгармачыл рецепттерди даярдоодо ар дайым жаныңызда. Табигый жана жогорку сапаттагы Yuva ачыткысы менен камырыңыз аябай көөп, эң жакшы ачыйт.
Hан азыктарын бышыруу жана аларды жакындарыбыз менен бөлүшүп жеген бала чагыбыздан бери жашообуздун бир бөлүгү болуп калган. Үйдө нан бышыруу – чыныгы бактылуулук. Yuva компаниясы өнүмдөрүнүн кең ассортименти менен ушундай учурларыңызда чыгармачыл рецепттерди даярдоодо ар дайым жаныңызда. Табигый жана жогорку сапаттагы Yuva ачыткысы менен камырыңыз аябай көөп, эң жакшы ачыйт.
Ачыткы деген эмне?
ТИРҮҮ ОРГАНИЗМ
Инерттүү болуп көрүнсө да, ачыткы массасы илимий жактан «микроорганизм» деп аталган көптөгөн тирүү организмдерден турат.
Ачыткынын клеткалары жумуртка формасында болуп, куралсыз көз менен караганда көрүнбөйт. Анын өлчөмү 6-8 миң миллиметрден ашпайт, ийне учунан бир кыйла чоң! 1 см өлчөмүндөгү кубиктин салмагы 1 гр болуп, 10 миллиарддан ашык тирүү ачыткы клеткаларынан турат!
Адам организминдеги клеткалар сыяктуу эле ачыткынын клеткалары да тирүү жана табигый болуп саналат. Алар көбөйүү үчүн абага муктаж болушат. Абанын жоктугу алардын өөрчүп-өнүгүшүнө көп түрдүү таасир тийгизет.
Кошумча маалымат алуу үчүн www.exploreyeast.com сайтына кириңиз.
Биз тууралуу маалымат
Фейсбуктагы Yuva Asia баракчабызды акмалап туруңуз. Өздөрүңүз үчүн көңүл ачуучу, шыктандыруучу жана кызыктыруучу контенттерибизди ачып, Yuva компаниялар тобуна кошулуңуз!
бышыруучу цехи
Lesaffre компаниясынын бүткүл дүйнө боюнча 38 даана нан бышыруучу цехи (Baking Center™) бар экенин билген белеңиз?
Lesaffre компаниясы алгач жолу 1974-жылы Францияда нан бышыруучу цехти (Baking Center™) ачып, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин нан бышыруунун сырлары менен бөлүшүп, бүткүл дүйнөдөгү наабайчылар жана үй кожойкелери үчүн глобалдык ориентир болуп калган.
40 жылдыгын белгилеген Lesaffre компаниясынын нан бышыруучу цехи (Baking Center™) Орто Азиядагы кардарларына натыйжалуу түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жакын жерде, Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан. Нан азыктарын бышыруу жаатында наабайчылар тобубуз дүйнөлүк тренддер менен бир толкунда болуп, дүйнөлүк ашканалардан ар түрдүү нан азыктарын бышыруу боюнча бай тажрыйбага ээ жана ашкананызда кездешүүчү нан азыктарын бышырууга тийиштүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табат.

