Өз наныңызды жасаган убакты!

Технологиялык жетишкендиктер жана ааламдашкан дүйнө ирети баарыбызды жеп ичүүгө сезимтал кылды. Азыркы күндөрдө эшикте жегенде, тамактарыбыз кайдан келгени жөнүндө ойлонобуз, же дегеле кантип жасалгандары жөнүндө. Мисалы, нандын жасалышы, ар күн жеген бир тамакты, кантип жасалышы эң көп кызыктырат.

Ушинтип анан өз наныбызды бышыралы деген ой келет. Арийне, айтышы жасаштан дагы да оңой. Анын үчүн чыдамкайлык, көңүл, убакыт деген керек. Ден соолуктуу бир камыр жасайм, бирок ачыганча күткөнгө убактым жок десеңер, анда Yuva сизге жардамга келет.

40 жылдан ашкан бир тажрыйбабыз менен, камырдан бышыруу адис командасы, дүйнө жүзүндө өткөн нан бышыруу жаңылыктары жана дүйнөлүк рецепттер менен Yuva азыр сизге жардам бергенге шашылып, бардык бышыруу көйгөйлөрүңүзгө чечим сунуштайт.

Ачыткы деген эмне?

Ачыткы деген соодалык бир азык, ичинде жашаган ачыткы уячаларын камтып, камырды көтөрүлтөт. Ачыткы жашаган, табигый бир микроорганизм, тоголок бир көлөмдө, айланасы 8 микрон болгон, нан-азык бышыруу тармагында камырды көтөрүлтүш үчүн колдонулуп келет.  Ачыткы уялчаларын чоңдугун түшүнүш үчүн, бүт ачыткы уялчаларын бир четинен башка четке чейин жеткен 500гр. үймөктө сунуштаганы жетмек, анда 42000 км узундукту алмакпыз… анысы анан жер жүздүн айланасы да.

Кынтыксыз бир нан бышыруу колуңардан келет!

Yuva ачыткысы менен тамак даярдаганда даамдуу бир нан жыты келсинби?

Өз наныңарды жасайм десеңер, бул рецепт сизге жардам берет.

 

Лепешка рецепти

Өз наныңызды бышырып баштап, үй-бүлөңөр менен тынчтыкта жесеңер болот. Бул жерде силерге сонун бир рецептин сунуштайбыз:

Курамы:

  • 2 1/2 чыны сүт
  • 1/2 чыны суу
  • 4 чоң кашык сары май
  • 1/2 чыны кычкыл крем
  • 1 чоң кашык кум шекер
  • 1 1/2 чоң кашык туз
  • 1 1/2 чоң кашык Yuva ачыткысы
  • 8 чыны ун, эленген

Жалтыраткан үстү үчүн

  • 1 жумуртка сарысы
  • 1 чоң кашык сүт
  • Кунжут татымалы

Даярдоо

  1. Чоң бир чарага кычкыл крем, шекер, туз жана ачыткыны коюңуз.
  2. Бир мискейде сүт, суу жана майды жылытыңыз. Аралашкан курам аябай жылуу болуш керек, ысык ЭМЕС. Аны меште көпкө чейин кармасаңар, муздатып кичине күтүңүз.
  3. Сүттү ысыткычтан алып, чарага куюңуз.

4.Аралашып турганча (колуңуз менен же миксер менен), жай унду кошо бериңиз.

  1. Ун кошулганда, камырды бир топ кылыңыз. Акырын түздөп капкак менен жаап, анан үстүнө бир нече майлык менен жылуу болсун деп жабыңыз. (Майлыктар чарага түшпөсүн деп мен фольганы да салып коем)
  2. АКЫРЫН камырды төрткө бөлүңүз. Камырды топко окшош көлөмдөргө бөлүңүз.
  3. Меште бышыруу табагын май менен сүртүңүз.
  4. Кичине ундалган бир столго, АКЫРЫН камырдын ортосуна четтери чыкканча басыңыз. Муну камыр айланасын 7”-8” болгончо чейин кылыңыз. Камырдын ортосу түздөлүп,четтери бирок түздөлбөш керек. Камырды 7” айланасында таштасаңар же андан кичине, лепешкалар бийигирээк болот. Эгер лепешкаларды жапызыраак кааласаңыз, айланасын узунураак кылыңыз. Эки лепешканы бир чоң мешке бышыруу табагына батырсаңыз болот. Калган камыр менен ушинтип уланткыла. (Мен кээде алты кичинекей лепешка жасайм, балдарым абдан жакшы көрөт. Эгер алты кичинекей лепешка жасасаңар, үчөө мешке коюлган бир табакка батыш керек. Эки ушундай табак менен бардык лепешканы жасап салыңыз.)
  5. Жумуртка сарысын менен сүттү бир жалтырак катары кылыңыз.
  6. Анан ошол жалтыракты лепешкаларга сүртүңүз.
  7. Лепешкалардын ортосуна кунжут же башка бир татымал себелеп коюңуз.
  8. 35-40 мүнөткө 185 даражада бышырыңыз. Лепешкалар алтын өңдө, сырты катуу болуш керек. Суутулганда кичине жумшарат.