Yuva менен даамдуу боорсоктор (пончиктер)

Тамак бөлмөсүндө ар дайым жыргал. Оор ишиңерден кичине эс алып, сүйгөндөрүңүз үчүн тамак жасап, апаңардын эң сүйүктүү тамагын жеп… Булардын бардыгы тамак бөлмөсүндө жүрүш үчүн жакшы себептер. Жаңы рецептер менен тамак жасангандык стрессти түшүрүп, сүйгөндөрүңөр менен чогу убакыт өткөртүп, тамактануу тажрыйбасын көбөйтүп, сизди апаңардын тамак  жасоо ыктарына жакыныраак алып келет.

Ачыткы менен жасалган тамактар ар дайым дагы да өзгөчө. Ачыткы менен бышыруу тамактарга бир эле даам катмары менен ыраазычылыкты кошот. Камырды күтүлгөндөн да көбүрөөк көтөрүп абдан даамдуу кылат.

Ошол үчүн, биз, Юва Азия, даамдуу боорсоктордун кылышын эң ыңгайлуу жолдорун бөлүшмөкчүбүз.

Курамы

1 чай кашык Юва ачыткысы (4гр.)

1/2 чыны жылуу суу (120мл.)

1 чай кашык алтын зыгыр (15гр.)

3 чоң кашык кокос майы (120 мл.)

2 чоң кашык кум шекер (30гр.)

1 3/4 чыны көп максаттык ун (96гр.)

2 чоң кашык буудай глютены (жалаң глютен уну) (8гр.)

1/8 чоң кашык ванилин (зарыл эмес) (0.25гр.)

Үстү үчүн

1 1/2 чыны кум шекер (64гр.)

1/4 чыны суу (60мл.)

Даярдалышы

  1. Ачыткыны сууда эритиңиз.
  2. Ал эригинче, көп максаттык унду жалаң глютен менен аралаштырыңыз. Башкачасы, көп максаттык ундун ордуна нан унун да колдонсоңор болот, анан глютенди да кичине алып койсоңор болот. Бул рецепт үчүн глютен жок унду колдонбоңуз.
  3. Чоң чарада ачыткы эриген суу менен шекер, зыгыр, кокос майын, кааласаңар ванилин, аралаштырыңыз. Бардыгы эрип бир кылка өлчөмү болгончо жакшылап аралаштырыңыз.
  4. Ар сайын бир чыны ун кошуңуз. Камыр боло баштаганда, унду азыраак кошо баштаңыз. Жумшак, кичине жабышкан камыр даярдаш үчүн туптуура ун өлчөмү керек. Камырды жалпак болгончо журуңуз. Анан кайра чарага коюп, майлык менен жаап, жылуу жерде бир саатка же эки эсе көбөйгөнчө калтырыңыз.
  5. Камырды кичине ундалган столго коюп, калындыгы 3/8 дюйм болгончо жайыңыз. Камырдын ортосун бош калтырыңыз, ананыраак боорсок көлөмүнө өзгөртүш үчүн.
  6. Боорсокторду кичине ундалган кагазга коюп меш табагына коюңуз. Табакты жылуу, кичине ным майлык же ундалган целлофан менен ороп коюңуз. Боорсоктор меште бышканча 45 мүнөт же 1 саат, же эң азындан эки эсе болгончо күтүңүз.
  7. Ушинтип алар меште бышканча, кум шекер менен сууну аралаштырыңыз. Ванилин кошкуңар келсе, аны же башка татымалдарды кошсоңор болот. Боорсокторго даам бериш үчүн жарайт.
  8. Камыр көтөрүлгөндө, чуңкурдуу бир казан даярдап ичине рапс майын куюңуз. Эң жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн, майды 375 деген ысыктыкта кармаңыз.
  9. Боорсокту майга коюш үчүн тиешелүү кашык колдонуп, акырын, жай коюңуз. Жалаң бир жагын кууругула. Ар жагы алтын күрөң болуш үчүн 30 же 45 секунда алат. Боорсокту которуп, арка жагын 30 секундага жакын же алтын күрөң болгончо кууруңуз. Акырын кычкач аркылуу ар бир боорсокту чыгарып, көп майдан кичине кургатыңыз. Башкаларын да ушинтип бышырыңыз.
  10. Ысык боорсокторду шекер суусуна малып тышын каттыргыла. Анан каалаган бир эзилген татымал, зыгыр же жаңгакка малып кооздосоңор болот.
  11. Жегенден мурун боорсокторду 15 мүнөт же көбүрөөк мууздатып күтүңүз.