Боорсок

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
1 саше Йува 11г

Ингредиенттер
1 саше Йува 11г
6 чыны ун (700г)
1 стакан суу (230мл/ 210г)
1 чыны сүт (210мл/ 210г)
2 чай кашык туз (11г)
1 чай кашык кант (7г)
½ чай чыны суу май (50г)

Бышыруу ченемдери:
"tbsp" - аш кашык
"tsp" - чай кашык

Даярдоо
"1. Сүт менен суу бир аз жылымык болгондо, ачыткы менен кантты чарага салып, үстүнө сүт менен суун куюп аралаштырыңыз да, 3 мүнөткө калтырып коюңуз."
2. Тамак бышырган тактада ун менен тузду суу майга аралаштырып камыр жууруңуз. Камырды чоң идишке салып, кургак майлык менен жаап бир жарым саат ачытыңыз.
3. Ачыгандан кийин камырды кайра ийлеп, дагы экинчи жолу 30 мүнөткө көптүрүп коюңуз.
4. Андан соң камырды 0,8 ммдей калыңдыкта жайып, кичине ромб кылып кесиңиз.
5. Камырды майлык менен жаап, көтөрүлгөнчө 10 мүнөт калтырыңыз.
6. Суу майды казанга ысытып, камырды салып, боорсок кызарганча бышырыңыз.
7. Бышкан боорсокту чыгарып, кагаз майлыктын үстүнө жайып суутуңуз.
Кеңеш: Боорсокту суу майга бышыруу сунушталат.





Наабай ачыткысы