Гурман Пицца
Your Yuva helper for this recipe:

Ингредиенттер
Камыр үчүн:
2 пакетик Yuva дрожжу (22 g)
4 жарым стакан ун (500 g)
2 стакан суу (250 ml)
1 чай кашык туз
1 аш кашык оливка майы
Пиццанын үстүнө:
Томат соусу
Майдаланган сыр
Кесилген козу карын
Консерваланган тунец
Орегано
Даярдалышы (Камыр)
Унду, дрожжду, туз жана оливка майыны бир табака салып, тегиз жана жумшак бир камыр болгонго чейин жууруңуз. Андан соң 2 саатка тыныктырып коюңуз.
Даярдалышы (үстүнө)
Эң алгач камыр жайыла турган жайга бир аз ун себелеп алыңыз жана үбөлүк менен камырды жайыңыз. Бышыра турган идишке май өткөрбөгөн кагаз салыңыз. Жайылган камырдын үстүнө томат соусун жайылтыңыз жана үстүнө тунецти бөлүштүрүп коюңуз. Андан соң моцарелла, козу карын, оливка жана майдаланган сырды бетине себиңиз. Гарнир катары бираз базилик жана орегано себиңиз. Алдын ала ысытылган духовкага 220• градуста 15-20 мүнөткө салыңыз.
Кеңеш: Бышыруудан мурун камырды кондитердик бычак менен кесип алыңыз.
Тамагыңыз таттуу болсун!
