Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image

Камырга:
1/2 чоң кашык Yuva ачыткысы (5,5гр)
1 чоң кашык кумшекер
1/2 кружка жылуу сүт (125гр)
1/4 кашык туз (4,5гр)
1/2 чоң кашык ваниль порошогу
5 жумуртка сарысы
1кг буудай уну (ак гана) + 1 чоң кашык ун(10 гр) 3кө
Чоң кесилген, тузсуз май
250гр каймак

Ичине салуучулар: 
700гр мисте (фисташка)
700гр кумшекер
2 чоң кашык кардамон

Сиропко:
2 кружка сахар(400гр)
1 кружка суу (250 мг)
1 чоң кашык лимон согу
 

Даярдоо:
1.Чоң идишке ун жана майды (сливочный) салып аралаштырыңыз.(Май жана ун аралашмасы)
2. Кичирээк идишке жумуртканын сарысын, каймак, туз жана ваниль порошогун аралаштырыңыз.(жумуртка жана каймак аралашмасы)
3. Башка кичирээк идишке ачыткы,1 чоң кашык ун, 1 чоң кашык кумшекер жана аны 1/4 кружка жылуу сүттү аралаштырып 2 мүнөткө коебуз.(ачыткы аралашмасы)
4. Баардык аралашманы бир идишке аралаштарабыз. (Май жана ун, жумуртка жана каймак, ачыткы аралашмаларын)
5. Аралашманы колунар менен каттуу камыр болгончо жууруңуз.Камырды алып калган 1/4 сүттү идишке куюңуз. Камарды дагы бир нече мүнөт ошол сүткө жылмакай болгончо жууруңуз.
6.Камырды тоголок кылып жуурунуз жана аны полиэтилен баштыгы менен ороп 30 мүнөткө коюңуз.

Ичине салуучулар:
7. Эгер ачылган мисте колдонуп жатсаңыз аны кухонный комбайнда майдалаңыз. Башка идиште майдаланган мисте менен кумшекер, кардамон жана ваниль порошогун салып аралаштырыңыз.
8. Камырды 36га бөлүңүз. Ар бири 50 грамдан болушу керек.
9. Ар бир камырды 10 см тегерек кылып жайыңыз.
10. 2 чоң кашып ичине салуучу мисте аралашмасын салып, жарым ай кылып түйүңүз.
11. Камырдын четин ороп кооздоңуз.
12. Камырдын үстүн маггаш менен астындагы сүрөттөгүдөй кооздоңуз. Эгер маггаж жок болсо үстун кооздолмосу жок калтырып коюңуз.
13. Пахлаваны алдын ала 175° C ысытылган духовкага салаңыз. 15-20 мүнөт ачык күрөң өңгө чейин бышырыңыз.

Сироп даярдоо:
Кичинекей идиште сууга кумшекер ээритиңиз жана аны коюу сироп сыяктуу болгончо кайнатыңыз. Лимон согун кошуп, муздатып коюп коюңуз.
Духовкадан чыккан ысык похвалага муздатылган сиропту куюңуз. Кааласаңыз жаңгакты да похваланын ичине салса болот.

Наабай ачыткысы