Инжир торту

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
Йува көз ирмем кургак ачыткысы

Ингредиенттер
Камыр үчүн:

2 пакет  Saf-instant ачыткы (22 гр)
2 стакан ун (250 гр)
7 - 8 чоң кашык жылуу сүт 
2 чоң кашык шекер
2 жумуртка 
1 чай стакан бөлмө температурсында маргарин май
1 ууч туз
Толтуруу үчүн:
6 жарым жарты кесилген жаңы инжир
Жарым стакан шекер пудрасы(75 гр)
3 чоң кашык маргарин май
1 жумуртка
1,5(бир жарым) стакан сүт (350 ml)
2 чоң кашык эзилген бадам
Бираз бал жана лимон ширеси

Даярдалышы
Камырды даярдоо:

Духовканы 200°C ысытыңыз жана пирог үчүн идишти майлаңыз 
Бир идишке унду салыңыз, артынан жумуртка, туз, шекер, эритилген маргарин май, Saf-instant ачыткысын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Камыр тегиз жана жумшак болуусу керек.
Майланган духовка идишине даяр болгон камырыңызды салыңыз
Толтуруунун даярдалуусу:
Бир идиштин ичине бөлүктөргө бөлүнгөн маргаринди, шекер, сүт, эзилген бадам жана жумуртканы салып аралащтырыңыз.
Даяр болгон аралашма менен камырдын үстүн толтуруп, кесилген инжирлерди эң үстүнө коюңуз. 
Духовкага салыңыз жана 200°C градус менен  30 мүнөттө бышырыңыз.
Бир идишке бал жана лимон ширесин аралаштырып даяр болгон пирогдун үстүнө салып, суутуп коюңуз.

Наабай ачыткысы