Лимон пирогу

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
1 пачка Юва Ачыткысы (11гр.)

Курамасы
1 пачка Юва Ачыткысы (11гр.)
3 чыны ун (300гр.)
2 жумуртка сарысы 
4 чоң кашык нан сүйкөгөн май (90гр.)
1,5 чай кашыгы кум шекер  (12гр.)
½ чай кашыгы туз (2гр.)
1 чай чыны сүт (80гр.)

Гарнир
1 чай чыны ун 60гр.
2 чоң кашык нан сүйкөгөн май 40гр.
2 лимон
2 жарым чыны сүт 500гр.
1 менен 1/3 чай чыны кум шекер 130гр.
1 пачка ванилин

Камыр даярдалышы
Ун, ачыткы, шекер, туз менен жумурткаларды бир кастрүлдө аралаштырыңыз.
Камырды экиге бөлүп, үбөлүк менен жайып, пирог жасаган табаcына түздөдүп коюңуз. Кичине ным майлык менен үстүн жаап 10-15 мүнөт күтүңуз. Вилка менен үстүн майда тешиктерге сайыңыз.
Гарнирдин даярдалышы
Лимондун кабыгын сүргүчтөн өткөрүп, 1 лимондун суусун алып сыгыш керек
Башка жагында, 80гр. шекер менен ванилинди аралыштырып кайнатыш керек. Анан ал бышканча, 5 жумуртканы башка бир табакка калган 50гр. кум шекер менен аралыштырыңыз. Майдаланган лимон кабыктары менен унду бул курамага кошуп, крем болгончо жакшылап аралаштыргыла. Ысык сүт кошуп кайнаганча бышыргыла. Отту өчүрүп лимон суусу менен нан сүйкөгөн майды кошуп аралаштыргыла. Үстүн табак менен жаап, 15 мүнөткө муздадып күткүлө.
Муздагандан кийин, аны пирог жасаган табаcында турган камырга куюп түздөгүлө. Лимон кесимдери менен кооздоп демдеме мешинде 15-20 мүнөт 220 градуста бышырыңыз.

Наабай ачыткысы