Шекербура

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
аш кашык Йува саше (5,5г)

Ингредиенттер
Камыр үчүн: 

1/2 аш кашык Йува саше (5,5г) 
1 чай кашык кант (6г)
1/2 чыны жылуу сүт (125мл/ 125г)
1/4 аш кашык туз (4,5г)
1/2 аш кашык ванилла күлмайдасы
5 жумуртка сарысы
3-кадамга 1кг буудай уну (ак гана) + 1 чай кашык ун (10г)
400г чоң-чоң кесилген тузу жок май
250г каймак
Ичиндеги үчүн:
700г кабыгы аарчылган бадам, мисте же кадимки жаңгак
700г гранулдуу кант
2 чай кашык майдаланган кардамон


Бышыруу ченемдери:
"tbsp" - аш кашык
"tsp" - чай кашык

Камыр үчүн: 
1. Чон чарага ун салып, үстүнө май салып, аралаштырыңыз. (ун-май аралашмасы)
2. Башка кичирээк идишке жумуртканын сарысын, каймак, туз жана ванилла күлмайдасын аралаштырыңыз.(жумуртка-каймак аралашмасы)
3. Дагы бир кичирээк идишке ачыткы, 1 аш кашык ун, 1 аш кашык кант салып, 1/4 чыны жылуу сүт куюңуз да, 2 мүнөт калтырыңыз.(ачыткы аралашмасы)
4. Аралашмалардын баарын чарага салыңыз. (ун-май аралашмасы, жумуртка-каймак аралашмасы, ачыткы аралашмасы)
5. Ингредиенттерин кол менен аралаштырып, камыр жууруңуз. Унду иштей турган бетиңизге коюп, калган 1/4 чыны жылуу сүттү башка идишке куюңуз. Камырды жумшартыш үчун бир нече мүнөт ийлеңиз.
6. Камырды тоголоктоп, пластик барак менен ороп, 30 мүнөт көптүрүңүз.
Ичиндеги үчүн:
7. Жаңгактын кабыгы эбак аарчылган болсо, фуд процессордо майдалаңыз. Бир идишке майдаланган жаңгакты шекер менен аралаштырып, кардамон менен ванилла күлмайдасын кошуп дагы аралаштырыңыз.
8. Камырды ар бири 50г болгон 36 тоголокко бөлүңүз.
9. Улам бир тоголокчону 10 см кылып жайыңыз.
10. Ар бир камыр тоголокчонун ичине аралашмадан 2 кашыктан салып, аны жарым ай кылып түйүңүз.
11. Камырдын четтерин манжаңыз менен бүгүп кооздоңуз.
12. Камырды бышыруу кагазы менен капталган токоч жапкан бетке тизиңиз. 
13. Камырлардын беттерин маггаш менен ылдыйкы сүрөттөрдөгүдөй кооздоңуз. Маггаш жок болсо, камырдын үстүн ошо бойдон калтырсаңыз болот.
14. Очокту алдын ала 175° C чейин ысытып алып, ичине камырды кызарганча 15 - 20 мүнөт жаап бышырыңыз.

Наабай ачыткысы