Оби токоч

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
1 саше Йува 11г

Ингредиенттер
1 саше Йува 11г
4 чыны ун (500г) 
1 стакан суу (230мл/ 230г)
3 аш кашык каймак (45мл/ 45г)
½ чай кашык туз (5г)
30г кунжут

Бышыруу ченемдери:
"tbsp" - аш кашык
"tsp" - чай кашык

Даярдоо
"1. Ачыткы менен тузду жылуу сууга эритиңиз. Ун кошуп, бир ыктай болгончо камыр жууруңуз."
2. Идишти майлык менен жаап, көтөрүлгөнчө 50 мүнөт бөлмө температурасында калтырыңыз.
3. Камырды дагы бир жолу ийлеп, (болжол менен 150 г) бөлүктөргө бөлүп, тоголоктоп, майлык менен жаап 30 мүнөткө калтырыңыз.
4. Андан соң тоголок камырларды колуңуз менен 3 см ором алгандай кылып жукартыңыз. 
5. Камырлардын беттерин атайын кашык менен ылдыйкы сүрөттөрдөгүдөй кооздоңуз. Андай жок болсо, камырдын бетин өзүңүз каалагандай калыпка келтирсеңиз болот. 
6. Аны 30 мүнөт калтырып, камырды көптүрүңүз.
7. Камыр көтөрүлгөндө, каймак сыйпап, кунжут себиңиз.
8. Оби токоч адатта сокмо чопо очокко (тандыр) жаап бышырылганы менен, аны 190°C чейин ысытылган үй очогунда 18 мүнөт жаап бышырса да болот.

Кеңештер: Бышыруу убактысы жана температурасы очоктун тибине жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Наабай ачыткысы