Пирожки (Эт кошулган)

Your Yuva helper for this recipe:

Recipes popup image
1 саше Йува (11г)

Камыр үчүн:
1 саше Йува (11г)
4 чыны ун (500г)
½ чай кашык туз (5г)
⅓ чыны суу май (80мл)  (күн карама же башка өсүмдүк майы)
1 чыны жылуу суу (250мл/ 250г)
Ичиндеги үчүн:
450г майдаланган уй эти
2-3 тиш сарымсак, майдаланган
1 чай кашык туз (6г)
1 чыны бышкан күрүч (160г) же 1 пияз 


Бышыруу ченемдери:
"tbsp" - аш кашык
"tsp" - чай кашык

Камыр үчүн:
1. Чарага ун, ачыткы менен тузду аралаштырыңыз. 
2. Үстүнө суу май жана суу кошуп, бир ыктай болгончо аралаштырыңыз.
"Кеңештер: Камыр катуураак болуп жатса, ал суюлуп жумшарганча бир аздан (кашыктап) суу кошуңуз. Камыр өтө жумшак болуп жатса, ал коюлуп жумшарганча бир аздан (кашыктап) ун кошуңуз."
3. Камырдын бетине суу май сыйпап, кайра чарага салып, 30-60 мүнөт ачыганча калтырыңыз.
Ичиндеги үчүн:
4. Казанга майды ысытып, эт, сарымсак, туз салып кууруңуз.
5. Андан соң чарага чыгарып алып, бышырылган күрүч же пияз менен аралаштырыңыз.
6. Камыр эки эсе көп болуп көпкөндө бир аз ун себилген тактайга чыгарып алып, жакшылап ийлеңиз да, 12 бирдей бөлүккө бөлүңүз.
7. Камырдан үзүп алып, ортосуна эт аралашмасын кошуп, экиге бүктөңүз.
8. Камырды кол менен ылдыйкы сүрөттөрдөгүдөй жарым ай түрүнө келтириңиз.
9. Казанды ысытып, камырды кызарганча 3-4 мүнөт кууруңуз.
10. Бир идишке чыгарып алып, жылуу бойдон турушу үчүн кагаз майлык жаап коюңуз.

Кеңештер: Пирожкини 175°C чейин ысытып алган очокко 14 мүнөт салып бышырсаңыз да болот.

Наабай ачыткысы